Гранттар 20 000 – 50 000 доллар
Дедлайн: 22-май
USAIDдин «Агросоода» долбоору ишкерлерди, компанияларды жана бизнес-ассоциацияларды мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, сүт, жашылча-жемиштерди (анын ичинде мөмө-жемиштерди) кайра иштетүүгө багытталган гранттык сынакка катышууга чакырат.
—
Грант утуп ал: https://t.me/bilim4kg/1/5194
—
«Агросоода» долбоору Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мал чарбачылыгын, сүт, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган гранттарды бөлөт. Гранттык программанын максаты – жаңы жумуш орундарын түзүү, фермерлер менен компаниялардын кирешелерин көбөйтүү жана аймактык сооданы – өзгөчө Өзбекстан менен – кеңейтүү.
Гранттар өндүрүштүк жабдууларды сатып алууга жумшалышы мүмкүн. Өтүнмөлөрдү кароодо аялдардын, жаштардын (30 жашка чейинки) жана калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнүн кайрылууларына артыкчылык берилет.
Талаптар тууралуу кененирээк маалыматты шилтеме менен өтүп “Жылдык гранттык программа – 003” аттуу документинен тапса болот.
Гранттык өтүнмөлөр ай сайын 2024-жылдын 22-майына чейин каралат. Гранттык каражаттар өтүнмөлөрдүн келишине жараша бөлүштүрүлөт жана бул мөөнөт аяктаганга чейин түгөнүп калышы мүмкүн. Андыктан кызыкдар тараптарды мүмкүн болушунча эртерээк өтүнмөлөрдү жөнөтүүгө чакырабыз.
—
Каржы күн сайын: https://t.me/connect4_pro
—
Өтүнмөлөр grants@kyrgyzagrotrade.com дарегине, темасына “APS-003” деп көрсөтүү менен жөнөтүлүшү керек. Гранттык программага байланыштуу бардык суроолорду grants@kyrgyzagrotrade.com электрондук дарегине жөнөтүңүз.