Гранттар: инновацияларга 1 000 000 сом жана стартаптарга 500 000 сом
Дедлайн: 30-апрель
Инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды стимулдаштыруу жана жылдыруу максатында экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) «40 райондон – 40 демилге» долбоорунун алкагында инновациялык демилгелерди жана стартаптарды колдойт.
—
Каржыны колдон чыгарбаңыз: https://t.me/connect4_pro
—
Мелдештин максаттары:
– ата мекендик инновациялык экосистеманы өнүктүрүү;
– республиканын бардык аймактарында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишке жарандардын кызыкчылыгын жана активдүүлүгүн жогорулатуу;
– республиканын аймактарында инновациялык иш жаатындагы атаандаштыкка
жөндөмдүү чөйрөнү калыптандыруу;
– инновациялык долбоорлорду, стартаптарды ишке ашыруу.
Кыргызпатент инновациялык долбоорлорду 1 000 000 сомго чейин жана стартаптарды 500 000 сомго чейин каржылайт. Сынакка катышууга арыз берген уюмдар жана ишкерлер, менчигинин түрүнө карабастан катыша алышат.
Тандоого катышуу үчүн арызды толтуруп, Кыргызпатентке 30-апрелине чейин 40demilge@patent.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
—
Долбоорду кантип жазуу керек? Ошентип: https://t.me/connect4kg/12915
—
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: 0312 680471, 0703166036, 0555795918.
Тандоо жол-жобосун жана анкета формасын шилтемеден жүктөп алсаңыз болот: