Гранттар 10 000 – 30 000 евро
Дедлайн: 22 апрель
Салам достор! Сиздер үчүн маанилүү жаңылык!
Жашыл инновациялар фонду инновациялык “жашыл” долбоорлорду колдоо үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алууну жарыялайт! Фонд 15 “жашыл” долбоорду тандап алып, ар бир долбоорго 10 миңден 30 миң евро көлөмүндө каржылоо көрсөтөт.
—
Грант кантип алам? Ошентип: https://grantmanual.tilda.ws/
—
Эгерде сиз Кыргыз Республикасынын жашыл экономиканы өнүктүрүү программасында каралган туризм, айыл чарба же башка тармактарда ишмердүүлүк алып барсаңыз, сизди сынакка катышууга чакырабыз!
Сынака юридикалык жактар катыша алат: бизнес-ассоциациялар, кооперативдер, чакан жана орто ишканалар, анын ичинде дыйкан чарбалары. Долбоордук сунуш бир өтүнмө ээси тарабынан же башка өтүнмө берүүчүлөр менен биргелешип тапшырылышы мүмкүн.
Сынактын жүрүшү жана өтүнмөлөрдү берүүнүн шарттары жөнүндө маалыматты (өтүнмөлөрдү берүү боюнча колдонмо) жана керектүү бланктарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин сайтынан көчүрүп алса болот.
Орусча: https://mineconom.gov.kg/ru/direct/302/478/479,
кыргызча: https://mineconom.gov.kg/ky/direct/302/478/479
—
Консультанттар: https://t.me/connect4profi
—
Өтүнмөңүздү (долбоордун концепциясы менен толтурулган формаларды) орус же кыргыз тилдеринде төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүңүз: greenfund-kg@giz.de.
Байланыш телефондору: 0770 90 65 70 же 0770 78 99 43
Өтүнмөнү тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 22-апрель, 2024-ж..
Өтүнмөнү эрте тапшыруу сунушталат.
Жашыл инновациялар фонду BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн биргеликте каржыланып GIZ тарабынан ишке ашырылып келе жаткан «Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасынын алкагында түзүлгөн.